Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн кызматкери пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматка аталган айыл өкмөтүнүн жер адиси мыйзамды бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Натыйжада тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берү үчүн К.А.А. аттуу жаран УКМК кызматкерине 5 миң доллар, 691 миң сом жана 5 миң рубль пара сунуштаган.
Көрсөтүлгөн сумманы берүү учурунда аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Ага Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.