8-12-июль күндөрү туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ӨКМден билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн болгон жерлерди тизмектеди:
- Баткен облусу: Лейлек, Кадамжай райондору;
- Жалал-Абад облусу: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондору;
- Ош аймагы: Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондору;
- Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;
- Чүй облусу: Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондору;
- Нарын облусу: Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондору;
- Талас облусу: Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондору;
Мындан тышкары сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жолдор аталды:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 - чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 -чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдары.
ӨКМ элди сак болууга чакырып, өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюуну өтүнөт. Чалуу күнү-түнү акысыз.