Эртең, 9-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус ысык болот.