
Нөшөрлөгөн жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда сел жүрдү. Буга байланыштуу жолдун 71-чакырымында каттам токтоду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, аймакта азыркы тапта жамгыр катуу жаап жатат.
133-135-чакырым аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда.
Кошумча маалымат берилет.