Ош шаардык жылуулук электр борбору тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн 2-этабынын алкагында магистралдык жылуулук тармактарынын түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Ошто Курманжан датка көчөсүнүн Гапар Айтиев көчөсүнө чейинки кесилишинен Рысбай Абдыкадыров көчөсүнө чейинки жол аралыгы убактылуу жабылды.
"Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.