Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,3 миллиард доллардан ашты  

Кыргызстандын мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылдын 31-майына карата 6 миллиард 347,58 миллион долларды түздү.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 миллиард 540,84 миллион доллар тышкы, ал эми 1 миллиард 806,74 миллион доллар ички карыз.

Андагы маалыматка караганда, мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 миллион долларга көбөйгөн.

Ички карыздын басымдуу бөлүгүн баалуу кагаздардын карызы - 1 миллиард 790 миллион доллар түзөт. Ал эми тышкы карыздын негизги бөлүгү - Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 миллиард 661,21 миллион доллар болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 280,54 миллион доллар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан