Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолу унаа каттамы үчүн бир тараптуу ачылды 

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 71 жана 82-чакырымында бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары тазалоо иштери аталган жолдун 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 71-чакырымында (эки жерде) жана 82-чакырымында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралып, жол жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан