Бүгүн, 8-июнда Ош жана Баткен облустарында сел жүрүп, ыкчам топ тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Баткен районундагы Айгүлташ – Согмент –Таян унаа жолунун 3-8-чакырымын кум-шагылга толтуруп, жол каттамы жабылган.
Ошондой эле Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Баткен шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча, Лейлек районунда саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак – Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылында Откорм тилкесинде 1 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор, 10 адам тартылган.
Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27-чакырымынын 5 жеринде сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган (жол каттам убактылуу жабылган). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, 3 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылды.
Алай району боюнча алдын ала маалыматка ылайык, саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 70-71-чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылган. Жерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. Учурда унаа жол бир тараптуу ачылды.
Белгилей кетсек, ӨКМ 8-12-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү, таш кулоолор болорун эскерткен.