Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган түшсө эмнелерди эске алуу керектигин тизмектеди.
Эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз:
- терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
- мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
- уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
Эгерде сиз токойдо болсоңуз:
- токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
- суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.