Күндүн ысыгында бетке кантип кам көрүү керек? Косметолог Адиана Акматалиева кеңеш берет

Ысык аба ырайында териге кам көрүү ыкмасы да өзгөрөт. Бул учур бет териси үчүн чыныгы сыноо болуп саналат. Ал кандай болушу керектиги жөнүндө SUPER.KG порталына косметолог-эстетик Адиана Акматалиева маек берди.

- Жайдын ысык күндөрүндө адамдын бетинде кандай көйгөйлөр көп кездешет?

- Жай мезгиленде ар кимдин бетинде ар кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Кээ бирлеринде көйгөй жаралбашы да мүмкүн. Мисалы, бетиңиздин териси сезимтал болсо кызарып, кызыл майда безеткилер чыгып, кытыша баштайт. Күн нурунан сактай турган кремдерди колдонбосо беттин терисин коргогон торчо жабыркап, күйүп, тактар пайда болот.

- Жайында бетке кантип кам көрүү керек?

- Жай мезгилинде бетке, көпчүлүгүбүз билгендей, күндөн коргоочу spf кремдерди сүйкөйбүз. Бирок spf креми жетиштүү эмес. Эң алгач жүзүбүздү тазалап алышыбыз керек. Андан кийин мицелярдык суу, гидрофилдүү май же атайын бетке арналган жуучу каражат менен тазалоо өтө маанилүү. Сөзсүз түрдө бетибизге нымдуулук керек. Ал үчүн терибиздин тибине жараша кремдерди жана маскаларды коюубуз шарт.

- Күндүн ысыгынан коргонуу үчүн кандай процедураларды сунуштайсыз?

- Ысыкта бет бат тердеп, жүзүбүздүн терисинин тешикчелерине кир майлар толуп, ар кандай көгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Ошого байланыштуу мен төмөндөгү процедураларды сунуштайм:

- бетиңиздин майда жана терең бырыштарына япон укалоосун;
- ⁠бетиңизди терең тазалоо;
- ⁠фарфордуу тери;
- ⁠нымдаштыруу;
- ⁠карбондуу пилинг;
- ⁠өтө көйгөйлүү болгон терилер үчүн фототерапиясын сунуштайм.
Мындан тышкары эркек-аялга карабай убак-убагы менен косметологго кайрылып туруусу керек.

- Күндөн сактануучу кремди сөзсүз түрдө колдонуу керекпи? Эгерде колдонбой койсо эмне болот?

- Жай мезгилинде да, башка мезгилдерде да spf креми терибиз үчүн өтө пайдалуу жана керектүү каражат. Тилекке каршы, көбүнчө жаз жана жай мезгилдеринде гана колдонобуз. Эгерде күндөн сактоочу кремди колдонбосоңуз олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
Мисалы, бетке так түшүү, кызара берүү, күндүн нурунан аллергия пайда болот, теринин кургашы, бырыштардын түшүүсү жана башка көйгөйлөрдү жаратат.

- Эмне себептен жайдын ысык күндөрүндө бетке безеткилер көп чыгат?

- Жогоруда айтып өткөндөй, бетибизге кам көрбөгөндүктөн жана күндүн нурунан сактабагандыктан ар кандай безеткилер чыгышы мүмкүн. Ошол себептен бетке ар дайым кам көрүп, аяр мамиле жасоо керек. Бизде көпчүлүк учурда косметологго баруу кымбат деп барышпайт.

- Эмне себептен косметологиянын процедуралы кымбат болот?

- Косметологиялык процедуралардын кымбат болушунун үч себеби бар:

- процедурада колдонулган өнүмдөрдүн же дары-дармектердин баасына жараша болот. Бул азыктардын баасы өндүрүлгөн өлкөгө, брендге жана сапаттуулуктун, эффективдүүлүктүн кепилдиктерине жараша өзгөрүшү мүмкүн;

- бул объекттин ижарасы жана анын таза, стерилдүү болушун камсыздоого кеткен чыгым. Расмий косметология жана медициналык мекемелер лицензия алуу, мисалы, мен лицензия менен иштейм. Медициналык калдыктарды таштоо, квалификациялуу кызматкерлерге эмгек акы төлөө жана салык төлөө сыяктуу чыгымдарды тартышат. Бул чыгымдар процедуранын баасында чагылдырылат;

- процедуранын баасы аны аткаруучу косметологдун тажрыйбасына жана квалификациясына да жараша болушу мүмкүн. Адатта, тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу косметологдордун кызматтары үчүн көбүрөөк төлөйт, анткени алар жогорку билимге жана тажрыйбага ээ. Косметологияда да кымбат баалуу аппараттар көп колдонулат. Кымбат эмес косметологдор да бар, алар өз ишин мүмкүн болушунча жакшы аткарышпагандыктан арзан болушу мүмкүн.

- Косметологго канча айда бир барып туруу керек?

- Негизи бир айда бир барып турууну сунуштайт элем. Ал эми көйгөйлүү терилер үчүн алып жаткан процедурасына жараша адистин айткан мезгилдеринде кайрылуусу шарт.

- Жайында бетке бырыштар көп түшөт деген чынбы?

- Ооба, чын эле жайында бетке бырыштар көп түшөт. Себеби кээ бирибиз крем жана күндөн коргонуучу кремдерди сүйкөгөндөн эринип кургак алып жүрө беребиз. Беттин кургашы бул бырыштардын түшүүсүнө эң алгачкы жолду ачып берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан