Милиция Чүйдө өрттөнгөн унаа боюнча маалымат берди

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кечээ, 8-июлда социалдык тармактарда тараган күйүп жаткан унаанын видеосу боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 7-июлда саат 21:30 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Горная Маевка айылында унаа өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

"Териштирүүдө Таш-Мойнок айылынын 1991-жылы туулган тургуну өзүнүн Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен Горная Маевка айылына бара жатканда унаанын кыймылдаткычынан от чыгып, өрткө айланганы белгилүү болду. Айдоочу качып чыкканга үлгүргөн. Ал эми унаанын артында бош, суу ташыган темир бочкалар бар болгону аныкталды. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы учурда соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалап, коомчулукту такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарга таратпоого чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ интернет айдыңында бензин ташып келе жаткан унаа өртөнүп кетти деген видео тараган болчу.

09.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан