Тоң районунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чыгылгандын
кесепетинен өлгөн мал ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү. Бул жөнүндө ӨКМ бүгүн, 9-июлда билдирди.
Комиссия анда жалпы 227 баш мал (149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки) чыгым болгондугун тактаган. Өлгөн мал ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.
Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.