Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имараты эскилиги жетип, орун жетишпей, калктын нааразычылыгын жаратып жатат. Мындай билдирүү менен ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жергиликтүү тургундар кайрылышты.
Элет элинин айтымында, оорукананын имараты 1950-1970-жылдар аралыгында салынган. Эскилиги жеткен оорукана учур талабына туура келбей, бейтаптарды кезек күтүүгө мажбур кылууда.
"Хирургия жана "Тез жардам" бөлүмдөрү жайгашкан имарат 1964-жылы салынган. Эскилиги жетип, оңдоп-түздөөгө болбойт деген корутунду чыгарылган. Бирок бейтаптардын кайрылуулары көп жана башка имарат болбогондуктан, колдонууга туура келип жатат.
Төрөт жана балдар бөлүмдөрү жайгашкан имарат 1974-жылы курулган. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн бир жолу да өтүлгөн эмес. Эскилиги жетип, жылытуу жана канализация системалары жакшы иштебейт. Кыш мезгилде кайрылган бейтаптарга ыңгайсыздык жаратат.
Терапия бөлүмү 35 орунга эсептелген. Бирок имараттын тардыгына байланыштуу кысылып, бир палатада төрттөн-бештен бейтап жаткырууга туура келип жатат.
Балдар бөлүмүндө балдар көп келгендиктен, айрыкча, кыш мезгилинде балдар батпай терапия бөлүмүндөгү бейтаптарды чыгарууга жана алардын ордуна балдарды жаткырууга туура келет. Ошондой эле "Тез жардам" бөлүмүнө да жаткырылып жатат", - деп айтылат кайрылууда.
Жергиликтүү тургундар аймакка жаңы оорукана куруп берүүнү суранышат.
"Райондо жайгашкан элибиздин саламаттыгын сактоого жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн жаңы заманбап ооруканага муктажбыз", - деп тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.
Тургундар учурда аталган аймакта калктын саны 100 миңден ашканын кошумчалап кетишти.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.