Казакстандан мал айдап кирүүгө аракет кылган 3 адам кармалды

Казакстандан Кыргызстанга мал алып кирүүгө аракет кылган деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алар коңшу өлкө менен чектешкен Талас облусундагы Көл-Жайлоо тоолуу аймагы аркылуу мыйзамсыз түрдө 432 баш майда жандыкты айдап кирүүгө аракет кылышкан.

Чек арачылар тарабынан кармалгандар Талас районунун Нылды айылынын тургундары экени аныкталган.

УКМК аталган факты боюнча иликтөө баштаганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан