70 жаштагы Ноокаттын тургуну Зуура Баатырова Бишкектеги окуу жайлардын биринде билим алат 

70 жаштагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну Зуура Баатырова Кыргызстан Ислам университетинде окуйт. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Нургазы Мусаев жазып чыкты.

Анын айтымында, 70 жаштагы Зуура Баатырова быйыл Кыргызстан Ислам университетинин 1-курсун аяктаган.

"Зуура Баатырова - Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. Союз учурунда туулуп-өскөн бардык аялдардай эле көп бала төрөп, ошол эле учурда колхоздун тамеки өстүрүү, мөмө-жемиш өстүрүү, мал багуу сыяктуу түмөн түйшүктүү иштерин кабагым-кашым дебей майын чыгара жасап жүргөн эже.

"Ислам дининен илим албасам болбойт экен" деп, жашы 70ке келгенде Кыргызстан Ислам университетине тапшырып, быйыл 1-курсту аяктаптыр. 2 күн мурун эле анын жолдошу Азимжан ава менен ажылык сапардан келди. Ошонун урматына эже тууган-урук, группалаштарына чай берди. Насип кылган экен Кыргызстандагы эң жашы улуу студент апанын колунан даам таттык", - деп жазган ал Фейсбук баракчасына.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан