“Ала-Арча” көрүстөнүндө Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 9-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, кинорежиссёр Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.
Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максүтов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Анда Максүтов Базаровдун эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырарын, бул эстелик анын ысымын жана иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү.
Байсалов "Геннадий Базаров таланттуу кинорежиссёр, коюучу, сценарист, прозаик гана эмес, эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын, заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турган”, - деп белгиледи.
Маданият министрлиги билдиргендей, иш-чаранын аягында катышуучулар эстеликке гүл коюп, куран окулду.
Эске салсак, Геннадий Базаров 2023-жылы 6-февралда көз жумган, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
09.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан