Бүгүн, 9-июлда Борбор Азия футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки курама командалары арасындагы чемпиондугунун тайпалык үчүнчү турунун алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстанга каршы кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан командаларынын катышуусунда өтүүдө.
"Мелдештин чүчүкулагынын жыйынтыгында улуттук курама команда "А" тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен бирге жайгашкан. Тайпа ичиндеги, экинчи оюн күнүнүн жыйынтыгында Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын жаштар курамасы үч упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунда турат. Ал эми Тажикстан 2-орунда (3 упай), Ооганстан 3-орунда (0 упай)", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, тайпа ичинде 3-саптан чыккан командалар 5-6-орундар үчүн оюнда кез келсе, 2-саптагы командалар 3-4-орун үчүн ойношуп, тайпа жеңүүчүлөрү чемпиондук наам үчүн кез келишет.
Белгилей кетсек, турнирдин беттештеринин түз алып берүүлөрү Регион ТВ, Кыргыз Спорт ТВ жана БАФАнын YouTube каналында көрсөтүлөт.