Бүгүн, 9-июлда Жогорку соттун басма сөз кызматы Fly Jump спорт комлексинин ээси Аламүдүн райондук сотунун 8-июлдагы токтому менен үй камагына чыгарылганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук сот чечим кабыл алууда Н. уулу А. анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталып жатканын, мурун соттолбогондугун, туруктуу жашаган жери бар экендигин, өздүгү аныкталганын, үй-бүлөлүк абалын, мурун тергөө органдарынан жашырынбаганын эске алган.
"Н. уулу А.га карата камакка алуу бөгөт чарасын колдонууга укуктук негиздер болгон эмес"- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сот ага 297-беренесинин (Керектөөчүлөр үчүң коркунуч жаратуу) 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Этиятсыздыктан оор залал келтирсе) боюнча айыбы угузулганын кошумчалады.
Эске салсак, 6-июль күнү Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип каза болгон.