Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү О.Э. аттуу жарандан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайын кайра каттоого алгандыгы үчүн 3 миң доллар талап кылган. Атайын кызмат аны сураган суммасынын 2 миң долларын алып жатканда колго түшүргөн.
Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилген.