Ысык-Көлдө диний үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүүгө шектелип 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.
Атайын кызмат алар "Слово божье" диний кыймылынын мүчөлөрү болгонун, үгүт иштерин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясынан өтпөстөн жүргүзүп келишкенин маалымдады.
Кармалган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренеси (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынган.