Бишкекте маркум кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деген шек менен К.Я. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Яша аттуу адам баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган адамдын өздүгүн тактоодо ал буга чейин бир нече жолу соттолгон, 1984-жылы туулган К.Я. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ошондой эле милиция шектүү абактарга баңгизат каражаттарын киргизип келгендиктен атайын криминалдык макамга ээ болгонун кошумчалады.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалганда жанынан гашиш баңгизаты табылып алынган жана өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.