10-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

10-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан