Ошто эл ташыган айдоочулар менен жыйын өттү

Бүгүн, 9-июлда Ош облустук мамлекеттик администрациясында айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого эскерткен жыйын өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйын жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алууну жана унааларга видеобайкоочу аппараттарды коюу керектигин жеткирүү максатында өткөрүлдү.

Ошондой эле айдоочулардын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна жоопкерчилигин жогорулатуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселелери көтөрүлдү.

Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин ЖКККБнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош шаары, Ош, Баткен облустарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилери жана айдоочулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар суроолорун узатып, жооп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан