ИИМ өспүрүмдөн акча талап кылганга шектелген милиция тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 9-июлда Ички иштер министрлиги Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электрондук тамеки чеккен өспүрүмдү коркутуп, андан акча талап кылган деген шек менен кармалган милиция кызматкери боюнча маалымат берди.

Билдиргендей, 5-июль күнү милицияга 16 жаштагы жаран ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп, өспүрүмдү 2002-жылы туулган, Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн С.Б. аттуу кызматкери коркутуп, 1000 сом алганын аныктаган. Ошондой эле бала окуя болгон жерде эс-учун жоготкондо шектүү жардам бербестен кетип калганы белгилүү болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренесинин (Кооптуу абалда калтыруу) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал эми сот аталган милиция кызматкерин камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМ учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Башкы прокуратура өспүрүмдөн акча талап кылганга шектелип милиция кызматкери кармалганын кабарлап, окуя 6-июлда болгонун маалымдаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан