Бишкекте эртең, 10-июлдан тарта Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, андан тышкары 10-июль күнү Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Жусуп Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.
Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрүүдө: №42, 56, 103, 145, 152, 169, 195, 212.
Өзгөргөн кыймыл чиймелер тууралуу маалымат бул жерде.