Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга баңги каражаттарын алып келе турган туруктуу канал түзгөн жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория уюштурган топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган топтун жетекчилери мүчөлөрүн атайын окуудан өткөрүп, "кампачыларды", "дүң сатуучуларды", "фасовщиктерди" жана "күрөөканаларды" даярдашкан. Алар бири-бирин билишкен эмес жана берилген тапшырмаларды так аткарышкан.
"Бул топко тиешеси бар делип 18 жаштан 35 жашка чейинки 13 жаран кармалса, алардын үчөө милиция кызматкери болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.
ИИМ мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы салмагы 12 килограммды түзгөн 60 миллион сомдук синтетикалык баңгизаттар алынганын кошумчалады.