Бишкекте туш келди таштанды ыргыткан сегиз кишиге 107 миң сом айып салынды

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору белгиленбеген жерге таштанды таштоо фактысы боюнча эреже бузган 8 адамды аныктады.

Калаа мэриясынан кабарлагандай, ар бир факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү. Эреже бузгандарга карата салынган айып пулдун жалпы суммасы - 107 миң 500 сомду түздү.

Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсү текшерилип, белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу фактылары аныкталды.

"Урматтуу шаар тургундары, таштандыны белгиленбеген жерге таштабоону өтүнөбүз. Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда күнөөлүүлөр жоопко тартылат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан