Бишкекте эртеңден тарта жаңы эки автобус каттамы ачылат

Эртең, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25 жана №175 автобус каттамдары иштей баштайт.

Калаа мэриясынан билдиргендей, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү “Жаштар кварталында” жана “Маевка” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилгени кошумчаланды.

Жаңы автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери тууралуу маалымат бул жерде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан