Кечээ, 9-июлда Кыргызстан жаштар курамасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки жаштар арасындагы футбол чемпиондугу алкагында Тажикстанга каршы кез келди. Аталган беттеш 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдештин чүчүкулагынын жыйынтыгында жаштар курама командабыз "А" тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен бирге жайгашкан.
"Тайпадагы үчүнчү турдук оюндарынын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 4 упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында биринчи орунду ээледи. Курамабыз 12-июль күнү чемпиондук наам үчүн Иран менен кез келет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан командаларынын катышуусунда өтүүдө.