Испания Евро-2024 турниринин биринчи финалисти болду

Испания курама командасы Евро-2024 мелдешинин 1/2 финалында Франция курама командасын 2:1 эсебинде жеңип, Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун алгачкы финалисти болду. Беттеш кечээ, 9-июлда Мюнхенде 66 миң көрүүчүнүн катышуусунда өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, эң алгач эсепти франциялыктар ачып берген. Андан кийин Испаниянын курама командасы Франциянын дарбазасына эки жолу гол киргизип, финалга чыгышкан.

Белгилей кетсек, Испания өз тарыхында бешинчи жолу Европа чемпиондугунун финалына чыкты.

Евро-2024 турниринин финалында Испания курама командасы экинчи жарым финалда ойной турган Голландия-Англия жубунун жеңүүчүсү менен беттешет. Беттеш 10-июлда Дортмунд шаарында өтөт.

2024-жылкы Европа чемпиондугунун финалы 14-июлда Берлинде эң чоң футбол стадиону "Олимпиаштадиондо" өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан