Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен "Хэббэйлик Бай Доу Цзя" компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде Ошко жер семирткич чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ага ылайык, Кытайдын Хэбэй провинциясынын Чжэндин шаарында Ош облусуна курула турчу заводдун техникалык жабдууларын жөнөтүү аземи болуп өткөн. Салтанатка облус башчысы Элчибек Жантаев катышкан.
"Курулуштун жалпы баасы 260 миллион долларды түзөт. Завод ишке кирсе 1000ден 3000ге чейин жумуш орду түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өкүлчүлүк аталган завод дыйкандарды заманбап экологиялык жер семирткичтер менен камсыз кылууда, түшүмдүүлүктү жогорулатууда жана продукциянын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл экенин белгиледи.