
Кыргызстандын аймагында соңку суткада 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүйдө 2, Жалал-Абадда 2, Баткенде 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.