Тажикстандан Ошко жана Өзбекстанга баңгизат ташып келип саткан шектүүлөр кармалды

Ош облусунда эл аралык баңги тобу мүчөлөрү менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Ош облусуна жана Өзбекстанга баңгизат сатуу үчүн Тажикстандан ташылып келип турган каналды аныктаган. Бул схеманын уюштуруучусу 1960-жылы туулган У.Д. аттуу жаран болгон. Ал эми өлкөгө кирген баңгизаттар анын шериги, 1961-жылы туулган Ж.Х. аттуу жарандын үйүндө сакталып, ал жерден таңгакталып турган.

УКМК атайын операция жүргүзүп, У.Д.ны жана товарды сатып алуучу У.Б. аттуу жаранды кармаган. Алар Өзбекстанга баңгизат каражаттарын өткөрүп берүүнү көздөшкөн. Шектүүлөрдү тинтүүдө У.Д.дан жалпы салмагы 250,77 грамм гашиш, ал эми У.Б.дан 555,34 грамм гашиш табылган. Ошондой эле Ж.Х.нын үйү дагы тинтүүгө алынып, ал жерден 6 килограмм 905,47 грамм салмактагы 7 брикет гашиш баңгизаты табылып алынган.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

УКМК учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан