"Алар 2 миң доллар талап кылышкан". Кыргызстандагы телеканалдардын биринин журналисттери пара талап кылып кармалды

Кыргызстандагы телеканалдын биринин журналисттери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери кесиптик ишмердигин пайдалануу аркылуу жарандардан аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

"Учурда Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен биргеликте ЖМК өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Деген менен ММКнын айрым кызматкерлери тарабынан рейд учурунда тартылган видеоматериалдар кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонулуп, мындай учурда жарандар коомдук айыптоого жана кадырын кетирүүгө жол бербөө максатында талап кылынган акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушууда", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н. жана И.T. коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлашып, анын унаасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кечээ, 9-июлда аталган адамдар 2 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фактыга тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплекси жүргүзүлүүдө, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан