Түптө наркы 20 миллион сомдон ашкан жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда баасы 20 миллион сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүндө 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткенин аныктаган.

"Тийиштүү иликтөөнүн натыйжасында сметалык наркы 20 миллион 110 миң сомду түзгөн жер ыктыярдуу түрдө муниципалдык менчикке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан