Бүгүн, 10-июлда Ат-Башы районунда сел кырсыктарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында сел каналын кеңейтүү, бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планына Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылынын түндүк тарабындагы Ийри-Суу сел өткөрүүчү каналы киргизилген.
"Каналдын 1400-метринде механикалык тазалоонун натыйжасында 16 үй, 1 көпүрө корголот", - деп айтылат маалыматта.