Ошто мыйзамсыз жүргөн унаалар аныкталды

Бажы кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери унаанын документтерин жасалмалоо фактысын аныктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар Toyota Veelfire үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышып, темир тулпар буга чейин өлкөгө жеңил унаанын кузову жана тетиктери катары киргенин, кийин чогултулганын жана К.А.К. аттуу жаран Армениянын мамлекеттик номерин такканын аныкташкан.

Мындан тышкары Казак жараны Ж.Н.нын Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаасы текшерилген. Айдоочу транспорт каражаты Армениянын аймагында катталгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Бирок ал өлкөнүн маалымат системасында жок экени такталган.

"Фактылар каттоого алынып, чогултулган материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан