Президент бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алгандарга "Алтын сертификат" тапшырат.

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Салтанаттуу азем өлкө телеканалдарынын эфиринде түз көрсөтүлөт.

“Алтын сертификаттарды” тапшыруу саат 15:00дө башталды.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болгон. Алар 225тен жогорку балл алышкан.

10.07.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан