11-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

11-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан