Садыр Жапаров 58 абитуриентке “Алтын сертификат” тапшырды (фото, видео)

Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган абитуриенттерге "Алтын сертификат" тапшырды.

Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болуп өттү.

Өлкө башчы “Алтын сертификаттын” ээлерине президенттин мактоо баракчасын жана ноутбуктарды тапшырды.

Ошондой эле Жапаров абитуриенттерди ийгилиги менен куттуктап, алардын бул даражага жеткирген мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай 234тү түздү.

“Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 35, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

Садыр Жапаров 58 абитуриентке “Алтын сертификат” тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан