Садыр Жапаров: "Өлкөдө кесипкөй адистер тартыш"

Өлкөдө кесипкөй адистердин, кадрлардын тартыштыгы бар. Мындай пикирин бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандарды сыйлоо аземинде айтты.

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда.

Мындан улам мамлекет "Эл үмүтү" стипендиясын уюштурган. Жогорку окуу жайларын бүтүрүп, билимин андан ары чет өлкөлүк университеттерде улантам деген таланттуу жаштарыбызды моралдык, материалдык жактан колдоп келе жатабыз. Мындан ары да колдой беребиз", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал билим берүү мамлекеттик саясаттын эң жогорку мааниге ээ болгон тармагы экенин белгилеп, өлкөнүн ар бир жараны терең билим алуусу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары Жапаров өлкөдөгү билим берүү сапаты жогору болгон мектептерди атап өттү.

Абитуриенттерди сыйлоо аземи мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болуп, анда 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан