"Европа, АКШдан билим алууну самашат". Президенттен "Алтын сертификат" алган абитуриенттер менен маек 

Бүгүн, 10-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 58 абитуриентке сыйлык тапшырды.

SUPER.KG порталы "Алтын сертификатка" ээ болгондордун тестке кантип даярданганына, болочок кесибине кызыгып, абитуриенттерди кепке тартты.

Айдарбеков Рамазан – 231 балл

Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын лицейи

"11 классымда ЖРТга толук даярдандым. Бул ийгилигимдин башында алгач ата-энем турат. Мени лицейге окутушуп, бардык шарттарды түзүп беришти. Андан кийин эле "Сапат" билим берүү мекемесине, мугалимдериме ыраазычылыгымды билдирем. Алар болбосо бул ийгиликке жетпейт болчумун. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча айта кетсем, жеңил эле болду. Математикадан анча даярданган жокмун, анткени бул сабактан мурун олимпиадаларга барчумун. Көбүнчө кыргыз тилдин окуп түшүнүү бөлүмүнө убактымды кетирдим. Программист кесиби боюнча Америкадагы окуу жайлардын бирине тапшырдым. Учурда визамды күтүм жатам".

Доронбеков Бектемир – 225 балл

Жалал-Абад облусунун Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи

"Тестирлөөгө 11 класс болгонумдан баштап эле даярдандым. Азыр тапшырууну каалаган эки университетим бар: Борбордук Азиядагы Америка университети жана "Ала-Тоо" эл аралык университети. Программалык инженерия жаатында билим алсам дейм. Учурдан пайдаланып бир тууган Айзирек эжеме ыраазычылыгымды билдирем. Даярдануу процессинде мени аябай колдоп, мага таяныч болду. Президент менен жолугушууну, ушул күндү кыялданып келгем".

Абдимиталипов Шерболот – 225 балл

Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясы

"Албетте, бул ийгиликке жетишиме мугалимдеримдин салымы чоң. Учкуч болууну кыялданам, Европадан билим алсамбы дейм. ЖРТ суроолору мен үчүн оңой эле болду, болгону ага берилген убакыт тартыш болуп калды.

Бул сыйлыкка ээ болгонума абдан сүйүнүп жатам. Анткени апам дагы убагында мектепти алтын медаль менен бүткөн экен. Бизге дайыма ошол учурун сыймыктануу менен эстеп, президенттин колун кармаганын айтып берет. Апам стимул болду окшойт, ага окшогум келе берчү".

Сулаев Арзыбек – 227 балл

Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын лицейи

"Мен былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү болом. Анда ЖРТдан 213 гана упай алып калгандыктан "Алтын сертификатка" жетпей калгам. Быйыл 227 балл менен аталган сыйлыкка ээ болдум. Жалпысынан 7 ай даярдандым. Түштүк Кореянын окуу жайларынын бирине бизнес тармагы боюнча тапшырып өттүм.

Кийинки жылдын абитуриенттерине талыкпай эмгектенип, алдыга гана умтулгула демекчимин".

Белгилей кетсек, бул жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай 234тү түздү.

“Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 35, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан