Бишкек шаарында троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы №4 автобус каттамы иштей баштайт.
Калаа мэриясынан билдиргендей, 11-июлдан тарта мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар иштей баштайт.
№4 троллейбустук маршрут эт комбинатынан булгаары заводуна чейин жүрөт. Каттам узартылып, эми ал эт комбинатынан Кербен (Дордой) базарына чейин жүрөт.