Бишкек мэриясы калаадагы Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн айрым бөлүгү жабыларын кабарлады.
Маалыматка караганда, 11-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Пушкин жана Жибек-Жолу проспектисинин ортосундагы бөлүгү жабылат.
Ал эми 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылып, жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.
Белгилей кетсек, калаа бийлиги буга байланыштуу ондон ашуун автобустун кыймылы өзгөртүлгөнүн кабарлаган.