Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июль күнү кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесин сел каптаган. 100дөн ашуун тургун коңшу айылга көчүрүлдү. Эвакуациялангандардын арасында 40 бала бар.
Аталган аймакта 11-июлга карата 121 куткаруучу жана 30дай техника иштеп жаткандыгы айтылды.