
Бүгүн, 11-июлда Баткен облусунун Баткен районунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде ӨКМден жалпы 131 куткаруучу жумуш алып барууда.
"Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде №31 ӨККБдан 10 куткаруучу турак үй жана короосуна кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат анда.
Мындан тышкары Ак-Татыр айылында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 150 адам тартылганы айтылат.