“Акылман” президенттик лицейи кошумча окуу корпустары менен кеңейет. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, аталган лицейде 2024-2025-окуу жылына карата курулуш иштери жүрүүдө. Окуу корпусу үчүн бөлүнгөн эки кабаттуу эски имарат реконструкцияланууда жана бул имараттын үстүнө үчүнчү кабат салынат.
"Жаңы имараттын курулуш иштери ушул жылдын август айынын соңунда аяктайт жана анда 360 окуучу үчүн билим алууга шарт түзүлөт. Бул имарат лицейдин негизги окуу корпусу болот. Анда окуу класстарынан тышкары эл аралык стандарттарга жооп берчү заманбап лабораториялар, ийрим үчүн класстар, концерттик зал, жыйындар залы ачылып, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдылат", - деп жазылат анда.
Быйылкы жаңы окуу жылында лицейде жалпысынан 195 окуучу билим алары пландалган. Алардын ичинде 7-класста 75 окуучу, 8-класста 72 окуучу жана 9-класста 48 окуучу экени айтылат.
Ошондой эле учурда лицейдин территориясында спорттук комплекс жана мугалимдер үчүн жатакана курулууда.