Эми жол эрежеси дрон менен көзөмөлдөнөт (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерин дрон менен көзөмөлдөө программасын ишке киргизгенин билдирди.

Маалым болгондой, учурда байкоо иштери Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жүрүп жатат.

Ага ылайык, дрондор каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды фото, видеого тартып алып, бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул кызматынын кызматкерине маалымдайт. Жол тескөөчү эреже бузган айдоочуну токтотуп, тийиштүү протокол жазып берет.

ЖКККББ аталган программа кырсыктарды алдын алуу жана санын азайтуу максатында ишке кирип жатканын белгиледи.

11.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан