Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ала-Тоо айыл аймагынын 2 тургуну арыз менен кайрылышкан. Анда 3-июнга караган түнү талаада аркандалып турган жеринен үч баш малды белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдиришкен.
Аталган факты каттоого алынып, ыкчам тергөө иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган тургуну А.Ш. жана 2004-жылы туулган Т.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жарандарга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 240 миң сомду түзгөн. Уурдалган мал Ноокат районунан табылып, ээлерине кайтарылды.