Шахмат боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын мүчөлөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 8-турунда 6 оюнду утуп алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-декабрда өткөн 8-тур оюндарынын алкагында Атай Шатенов (8 жашка чейинкилерде), Алтай Акматов (10 жашка чейинкилерде), Чыңгыз Исаев (14 жашка чейинкилерде), Тагир Таалайбеков, Элина Самудин (16 жашка чейинкилерде) жана Эсенбек уулу Бакай (18 жаштагылар арасында) жеңүүчү аталышты.
Кошумчалай кетсек, кыргызстандыктардын ичинен эң мыкты жыйынтыкты 10 жашка чейинкилер арасында Дария Ли көрсөтүүдө. 8 турдун жыйынтыгында ал карамагындагы 4,5 упай менен 43-орунду ээлеп турат. Мелдеш аягына чейин оюнчулар дагы 3 оюндан ойношот. 9-тур оюндары 26-декабрда өтөт.